Биз менен байланышыңыз

«Кийинки шайлоодо парламентке бизнесмендер эмес, чыныгы кесипкөйлөр келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 747 | 0

Мамлекеттик башкаруу системасы боюнча серепчи Алишер Мамасалиев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанда партиялык система өнүгөрүн билдирди.

Анын айтымында, партиялык система жаштардын бийликке келишине жол ачат.

«Мен партиянын лидерлери менен жолугуп турам. Аларда «Партиянын курамына олигархтарды алганга караганда, өз алдынча көз карашка ээ талапкерди алсам, натыйжалуу болот», — деген ой пайда болуп жатат. Менимче, бул — жакшы нерсе. Алдыдагы шайлоодо парламентке бизнесмендер эмес, чыныгы кесипкөй адистер келет деген оюм бар. Парламентке күчтүү, тарыхы бар партиялар келиши керек. Себеби, майда партиялар келсе, фракция көп болуп, туруксуздук жаралат. Жогорку Кеңешке 3 партия келсе болот», — дейт Мамасалиев.

Анын баамында, партиялардагы талаш саясий партиялар жөнүндө мыйзамдын эскилигинен улап чыгып жатат. Мындан улам, мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Өлкөдө партиялык система жаңыдан күчүнө кирип келатат. Анда ордун тапкан партиялар да бар. Орусия, Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда партиялар өнүгүп баратат.

«Бизде саясий атаандаштык бир гана шайлоого жакын активдүү болот. Калган мезгилде диктатура болуп жатат. Эл бийликке келген партия кайсы башкаруу системасын түзөрүнө маани бериши керек. Биздин шайлоочулар шайлоодон соң, партиялардын программаларын унутуп калат», — дейт Мамасалиев.

Copyright © 2017 Maral FM