Биз менен байланышыңыз

Мамасалиев: КСДП келечекте таптакыр жок болушу мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 663 | 0

КСДП келечекте таптакыр жок болуш мүмкүн. Себеби партия саясий «Титаник» болуп бара жатат. Мындай пикирин мамлекеттик башкаруу системасы боюнча серепчи Алишер Мамасалиев «Марал» радиосуна берген маегинде  билдирди.

Анын айтымында, Юстиция министрлиги КСДП партиясынын жаңы жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду каттап, жалпы партиялык системага чоң зыян алып келди.

«Экс-президент Алмазбек Атамбаев оппозицияга өтөрүн айтканда колдогом. Тилекке каршы КСДПнын чогулушунда Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун намысына тийип, жаман сөздөрдү айтты. Кечээки окуя Атамбаевге жооп болду окшойт. Юстиция министрлиги чечимди сот чыгарат десе туура болмок. Министр жаңылып кетти өңдөнөт»,  -дейт Мамасалиев.

Эске салсак, 18-апрелде Юстиция министрлиги КСДП партиясынын лидерин алмаштырып, жаңы жетекчи катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган.

Copyright © 2017 Maral FM