Биз менен байланышыңыз

Акаев: Парламентте фракцияларын саны арбын болсо, бийлик көп «ойнойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 505 | 0

Парламентке келген фракцияларын саны арбын болсо, бийлик көп «ойнойт». Башкача айтканда, фракцияларды көпчүлүк коалициядан чыгаруу менен коркутат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мен өз башымдан өткөрдүм. КСДП фракциясы десе эле, сени унчукпай ишке түз келип, үстүнөн берилген тапшырманы аткарып, роботтой кетишиң керек деп түшүнүшөт. Өнүккөн өлкөлөрдө фракциянын ичинде да оппозициялык маанайдагы депутаттар бар. Ал эми бизде эмне үчүн сын айтууга болбосун? Бул жарабайт деп айтып коёюн десең, «Сен КСДП фракциясында болуп туруп, катип сындайсың?» — деп таң калышат«, — дейт Акаев.

Ал мындан сырткары, май айында шайлоо мыйзамдары боюнча катуу талкуу болорун белгиледи.

Эл өкүлүнүн пикиринде, алдыдагы парламенттик шайлоодо жаңы партия, жаңы лидерлер өз алдынча келбей калышы мүмкүн. Саясий партиялар шайлоо үчүн гана биригип, парламентке келген соң, өз программасы менен иштей берет.

Copyright © 2017 Maral FM