Борбордук Азиядагы уран компаниясы Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кенин иштетүүгө 30 млн. доллар бөлөрү белгилүү болгон. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбеков жана Орусия президенти Владимир Путиндин колдоосу аркылуу жер казынасын пайдалануу жана салымдар жаатында жигердүү иш жүргүзүлөрү күтүлүүдө. Азыркы тапта экологдор менен айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги уран кенин чыгаруудагы пайдасы жана зыянын аныктоодо. Ал арада эл кайрадан нааразы болууда.
— Уранды биздин Кызыл-Омполдон казып кетишип, Кара-Балтадан иштеткени жатышат. Кара-Балта Кытай, же Орусия эмес. Бул деген бүт Кыргызстанды жок кылууга барабар. Уран чыккан жерден ак канга оорусу тарап, аягы ракка айланып, өлүмгө жеткирет. Ал жерден ким иштесе да, тапкан акчасына жыргап жашабайт.
Мындай кептер облустун тургундарына интернет түйүндөрү аркылуу байма-бай тарап жаткан мезгили. Билдирүүдө Көк-Мойнок-2 айылындагы «Кызыл-Омпол» уран кени ишке берилсе, акыры айыкпас дартка чалдыктырып, кыргыздарды тукум курут кылат деген маалыматтар да кеңири тарап жатат. Ушул жагдайдан улам жергиликтүү тургундардын үрөйү учуп, кай бири уран чыгарууга таптакыр каршы.
— Эгер уран кени иштесе, биздин түбөлүгүбүзгө, бала-бакырабызга, келечекке зыян алып келет. Анткени, адамдык фактор деген бар да.
— Иштетем деген компания убактылуу өзүнө пайда көргөндөн кийин, андан аркы жашообузду карап да коюшпайт.
— Ѳзүбүздүн жашоо-турмушубуз, ичкен-жегенибиз бүт эле уу болуп жатат. Анысы аз келгенсип, уран кенин ачса, өмүрүбүзгө бир далай зыянын тийгизет да.
— Тоӊ районунун тургуну катары айтарым, биз аябай каршыбыз. Себеби, Балыкчыдан соккон шамал зыяндуу заттарды үйлөп салат. «Кумтөр» кенинин радиациясы жетишпей жаткансып, эми дагы эселеп көбөйткүлөрү келип жатабы?
— Ансыз деле улгайгандардын саны жыл санап кыскарып баратат. Ал ортодо тубаса майып балдар да көбөйдү. Мунун баары аба ырайына байланыштуу.
— Кыргызстан өзү бутуна тура албай жаткан соӊ, экологиялык жактарын туура аныктап, кылдаттык менен иштетсе болот.
Анткени, Кызыл-Омпол аймагындагы чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияны «UrAsia in Kyrgyzstan» деп аталган компания 9 жыл мурда алып, 2012-жылдан тарта геологиялык-чалгындоо иштерин баштаган. Ѳткөн жылы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, радиациялык таасирди текшерүү үчүн сууга анализ жүргүзүлө баштаган. Андыктан, айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин корутундусу чыкмайынча, талкууга айланган маселеге тигил, же бул деп жооп берүү али эрте экенин Тоӊ районунун акими Данияр Арпачиев билдирди.
-Буга чейин мамлекеттик кызматкерлер арасында түзүлгөн атайын комиссия бир нече жолу жеринде болгон. Азыр айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлдөрү иштеп жаткан мезгили. Азырынча толук жыйынтык чыга элек, күтүп тууралы. Андан соӊ маселе чогуу-чаран чечилет.
Анализдин жыйынтыгы азырынча толук кандуу ачыктала элек. Мындан улам, уранды пайдалануу, же ошол бойдон козгобоо таасири кандай болорун физика илимдеринин адистерине кайрылып көрдүк. Бул боюнча К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору Капен Мусаев иштетүүнүн технологиясына адистердин бүтүмү керектигин айтып, бирок ошол эле учурда өзгөрүү болбой турганын белгиледи.
-Биздеги уран практикалык түрдө тоолуу аймактарда кеӊири жайгашкан. Кадимки эле топурактын курамында толуп жатат. Эгерде мамлекеттик деӊгээлде пайдалана турган болсо, иштетсе болот. Экспортко сатыкка чыгарып, экономикага пайдасы тиет. Эгер аны тийбей койсо деле, адамга ошондой эле таасирин калтырат.
Сөз кылып жаткан уран кени облустун Тоң районунун Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Эгер иштетүүгө уруксат берилсе, гравитациялык ыкма менен зыянсыздандырылып, элге пайдасы чоң болмок деп да айыл башчылары коӊгуроо кагышат.