Биз менен байланышыңыз

Учурда 9-классты бүтүргөн 13 миӊ бала билимин уланткан жок

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 449 | 0

Бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду карап жатып демилгечилер билдирди.

Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн. сом, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн. сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн. сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн. сом талап кылынат. Бирок, мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд. сом көлөмүндө каражат каралган.

Copyright © 2017 Maral FM