Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эң жогорку айлыкты финансы кызматкерлери алышат

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 663 | 0

Январь- февраль айларына карата  алынган маалымат боюнча, бир жумушчунун орточо айлык акысы (чакан ишканаларды кошпогондо) 15 226 сомду (218 доллар) түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Эң  жогорку айлык акыны январь-февраль айларында финансы кызматкерлери менен камсыздоо кызматкерлериники, т. а., орточо айлык акысы 33, 3 миң сом. Андан кийинки орунда 30.8 миң сом орточо айлык менен маалымат жана байланыш тармагында иштегендер турат. Тоо-кен казып алуу тармагында иштегендердики 29 миң сом, Электр, газ жана буу тармагындагылардыкы болсо айына 26.7 миң сом, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында эмгектенгендердики  21.2 миң сомду түзгөн.

Эң төмөнкү айлык акыны 8.6 миң сом менен искусство, маданият, оюн-зоок тармагында эмгектенгендер алган.

Ошондой эле төмөнкү айлык акы алгандардын катарына 10 миң сомдон 10,6 миң сомго чейинки орточо айлык акы менен айыл чарба, токой чарба, балык уулоо, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө жана билим берүү тармагында эмгектенгендер катталган.

Январь-февраль айларына карата алынган статистика боюнча, айлык акы маалымат жана байланыш тармагында 13 %га, тоо-кен казып алуу тармагында 12 %га жана курулуш тармагында 11 %га өскөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM