Биз менен байланышыңыз

Бажычылар ЕАЭБ аймагына мыйзамсыз кирген 1 млн сомдук товарды колго түшүрдү

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 534 | 0

Баткенде бажы кызматкерлери Евразия экономикалык биримдиги уюмунун (ЕАЭБ) бажы аймагында мыйзамсыз аккумуляторлорду алып кирүүгө аракет жасагандардын ишине бөгөт коюшту.

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 22 тонна аккумуляторду бажы көзөмөлүнөн жашырып алып өтүүгө аракеттенгендер колго түштү. Бажычылар Renault Premium жүк ташуучу унаасын токтотуп текшерүүгө алганда, багажынан колдонуудан чыгып калган аккумуляторлор табылган.

«Кармалган товардын орточо наркы 961 миң сом деп бааланууда. Аккумуляторлорду кошуна мамлекеттерден Кыргызстанга мыйзамсыз алып киришкен. Бул иш боюнча материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат бажы кызматынын маалыматында.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM