Биз менен байланышыңыз

Куралды унаага айырбаштоого аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 413 | 0

Бир нече куралды автоунаага айырбаштоого аракет кылып жаткан Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 1979-жылы туулган А. Н. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Токтогул районунун аймагындагы Ош-Бишкек унаа жолунда милиция кызматкерлери шектүү айдап бараткан «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бири 1962-жылы чыккан, ал эми экинчисинин номуру өчүрүлгөн 2 даана мылтык табылган.

ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Куралдарды, ок-дарыларды мыйсамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанынын корутундусу менен алынган ок атуучу куралдар жарактуу деп таанылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM