Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 955 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 6-июль күнү саат 15:54тө Масалиев көчөсүндө Ивеко оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары оодарылып кеткен унааны чыгарып беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM