Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кытайдан жүк ташыган унаалардын саны 100гө чыкты

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 681 | 0

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган унаалардын саны 1-ноябрдан баштап 100гө чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү учурунда билдирди.

«Мен өзүм карап жатам, күнүнө «Эркечтам», «Торугарт» өткөрмө пункттарынан 50дөн жүк ташуучу унаа өтүп жатат. Жакында эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөштүк, жакынкы арада Кытайдын, Синцзян-уйгур автономиялуу облусунун Өкмөт башчылары менен сүйлөшкөнү турабыз. Жүк ташуучу унааларды дагы да көбөйтсөкпү деп жатабыз. Анткени бажыдан түшкөн 70%дан ашык кирешебиз жалаң ошол Кытайдан өткөн товарлар менен болот. Учурда «Дордой» базарындагы ишкерлер жана жүк ташуучулар менен иштеп жатабыз. Казакстан таза экономикага өтүп бүтөйүн деп калды, Орусия толугу менен өттү.  Дүйнө жүзүндө салык реформалары боюнча Орусия астыда. Европа, Америка жана Кытайдан да өттү. Ошондуктан биздин товардын көпчүлүгү Орусияга бара жаткандан кийин биз да ачык-айкын иштегенди үйрөнүшүбүз керек. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз». 

Жапаров билдиргендей, Кыргызстан ачык-айкын иштегенди үйрөнсө, Кытай, Казакстан, Орусия нааразы болбосо, анда биздин товарларыбыз кескин түрдө көбөйөт.

«Биз мына 5 миң унаа өтсө эле бюджетибизди 1 млрд долларга көбөйтөлү деп жатабыз. «Пандемияга чейинки 120 миң унааны өткөрө алсак, анда бюджетибизге эмне кыларыбызды билбей калабыз го» деген ой-пикир бар да. Ошондуктан биз бир-бирибизди уксак, Өкмөт, ишкерлер, ташуучулар бир-бирибизди алдабасак. Анткени биз Кыргызстанда бир-бирибизге «көз кысты» кылып коёбуз; документтерди туура эмес жазып берип коёбуз; товарды Орусия менен Казакстандан ачса, башка чыгып калып жатпайбы. Кыйналып жүрүп жатабыз, ошондуктан документтер да, товар да бирдей болсо, эч кимдин тиешеси жок. Эми Кыргызстандан барган товарлардын санынын деле көлөмү анчалык көп эмес. Алар да: «Кыргызстанга алты жыл уруксат бергенбиз, 6 жылдан бери тарбияландыңар, эми түз иштегиле», — деп жатат» , — деди Жапаров.

Эске салсак, 26-октябрда Мамлекеттик бажы кызматына төрага болуп Адилет Кубанычбеков дайындалган. Аны менен кошо орун басарлары да алмашкан. 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акылбек Жапаров «Эркечтам», «Торугарт» өткөрмө пункттарынан 30дан унаа өтүп жатканын айтып, жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды эки эсе көбөйтө турганын билдирген.

Ошондой эле Жапаров кийинки жылы күнүнө 100 жүк ташуучу унаа өтөрүн кошумчалаган эле.

Copyright © 2017 Maral FM