Биз менен байланышыңыз

Атамбаев КСДПнын уставын, мөөрүн жана акчаларын бериши керек

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 638 | 0

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) уставын, мөөрүн жана каражаттарын бериши керек.

Мындай билдирүүнү бүгүн маалымат жыйында партияга жаңы төрага болуп шайланган Сагынбек Абдрахманов айтты.

Анын айтымында, мындан ары партияга Сагынбек Абдрахманов төрагалык кылары Алмазбек Атамбаевге билдирилген. Мындай чечим партиянын съездинде кабыл алынган. Партиянын жетекчилиги боюнча Юстиция министрлигинин маалыматтык базасына өзгөртүүлөр киргизилди. Ал муну сот аркылуу талашса болот.

Алмазбек Атамбаев партиянын документтерин, мөөрүн жана акчаларын кайтарып бериши керек.

«Биз КСДПнын төрагасы болуп мен тандалганым боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго кат менен кайрылдык. Партиянын банктык операцияларынын баары Абдрахмановдун кол тамгасы менен гана жүргүзүлүшү керектиги тууралуу башка банктарга маалымат беришин сурандык», — дейт Сагынбек Абдрахманов.

Copyright © 2017 Maral FM