Биз менен байланышыңыз

«Сириядагы кыргыздарды алып келүүгө ыкчам аракеттер көрүлүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 475 | 0

«Альфа» антитеррордук ардагерлер уюмунун жетекчиси, генерал-майор Артур Медетбеков «Марал» радиосуна берген маегинде мамлекет Сирияга кеткендерди кайра алып келүүгө шарт түзүшү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, мамлекет бул жаатта масштабдуу иштерди жасап жатканы менен ачыкка чыгарбай келет. Тагыраагы мамлекет маалымат менен камсыздоодо шалаакылык кылууда.

«Биздин мамлекеттик органдар дипломатиялык жол менен иштешүүдө көп жагынан кечигип жатат. Бул маселени чечүүдө бийликтин аракети чабал. ТИМ, Омбудсмен институ, Мамлекеттик каттоо кызматы жана укук коргоо органдары жардам бериши зарыл. Мындан сырткары, ЖМКлар ачык-айкын айтып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турса жакшы болот«, — дейт Медетбеков.

Анын баамында, Сириядагы мекендештерди алып келүү маселесин президентке жеткирүү үчүн маалыматтар алдын ала такталышы зарыл. Ошондой эле, жакындары Сирияга кеткен жарандар коркпой, президентке ачык кат менен кайрылса болот.

«Сириядагы кыргыздарды алып келүүгө ыкчам аракеттер көрүлүшү кажет. Анткени, Жогоруку Кеңеште террористтик уюмдарга кирип акча, идея үчүн согушуп жүргөн адамдарды Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу боюнча мыйзам кабыл алынып калса, Сирияга кеткендер кайра кайтуусу татаал болот», — дейт Медетбеков.

Кошумчалай кетсек, УКМК былтыр Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кырызстандын 800дөн ашуун жараны кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгону маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM