Биз менен байланышыңыз

«Сириядагы кыргыздардын келиши элге катуу таасир этет»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 992 | 0

Сириядагы мекендештердин келиши кыргыз элине катуу таасир этет. Алар менен сүйлөшкөндөр Сирияга барам деген оюнан кайтышы мүмккүн. Аялдардын ал жакка кетип жатканынын себебин иликтөөгө да мүмкүнчүлүк жаралат. Бул тууралуу «Альфа» антитеррордук ардагерлер уюмунун жетекчиси, генерал-майор Артур Медетбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сириядагы Кыргызстандыктарды алып келүү маселеси — замандын талабы. Алар келгенде элдин кабыл алуусу татаал болуп, психологиялык басым жасалышы мүмкүн. Мындайда жакындары, коомчулук колдоо көрсөтүп, комплекстүү аракеттер жасалышы керек.

«Кыргызстадын жарандарынын баарын алып келүүгө шарт түзүү зарыл. Бирок согушка катышып жүргөндөрдү Сирия да, Ирак да чыгарбайт. Орусиялык журналисттин айтуусу боюнча, Сирияда Кыргызстандык кыз-келиндер гана эмес, эркектер да көп. Бизден барган кыз-келиндер көбүнчө тамак-аш жасап, үй-бүлөдө балдарын кармашат. Ирактын элчилиги аркылуу кыргызстандыктардын санын билип, аларды алып келүү боюнча сүйлөшүулөрдү жүргүзсө болот. Бул боюнча ТИМ кайрылып, шарт түзүшү керек», — дейт Медетбеков.

Ал билдиргендей, учурда «ДАИШ» террордук уюму Сирия менен Ирактан чыгып, Афганистандын түндүгүндөгү аймактарга келген. Алардын саны 18 миңге жакын.

Кошумчалай кетсек, УКМК былтыр Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кырызстандын 800дөн ашуун жараны кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгонун маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM