Биз менен байланышыңыз

«Сириянын чек арасында түрк полициялары жарандарды чыгарып акча алып жүргөн аракеттер көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 511 | 0

«Альфа» антитеррордук ардагерлер уюмунун жетекчиси, генерал-майор Артур Медетбеков «Марал» радиосуна берген маегинде мамлекет Сирияга кеткендерди кайра алып келүүгө шарт түзүшү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, Сирияга киргендердин паспортун алып коюшат. Мындан улам жарандар кайра чыга албай калат.

Буга кошумча, Сириянын чек арасында түрк полициялары жарандарды чыгарып акча алып жүргөн аракеттер абдан көп.

«Бул жерде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Түркиянын ТИМине, Ирактын Орусия жана Астанадагы элчиликтерине кайрылышы керек. Жарандарда паспорт жок болгондуктан, ДНК тесттер үчүн акча зарыл. Элчилик аркылуу документтерди алдын ала даярдоого шарт түзүү керек. Албетте, бул иштер каражатты талап кылат. Бул — чоң процесс, 1 жылдын ичинде чечүүгө болот«, — дейт Медетбеков.

Ал кошумчалагандай, Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынан Сирияга көп киши кеткен. Сирияда жүргөн талаа командири Сиражидин Мухидинов команда берип, чоң иштерди жүргүзүп жатат. Кыргызстанда Кытай элчилигине кол салып, террордук актыларды жасагандар да ошолор.

Copyright © 2017 Maral FM