Биз менен байланышыңыз

3 айда 6 кырсык катталып, 5 жаран каза болгон

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 539 | 0

Ушул жылдын алгачкы 3 айында өлкөдө 6 чоң кырсык катталган, анын кесепетинен 5 жаран каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов министрликтин 2019-жылдын биринчи кварталына карата өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Чоң кырсыктар 5 млн. 20 миң 600 сом материалдык чыгымга учураткан. 2018-жылдын алгачкы 3 айына салыштырмалуу 2019-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 %га, каза болгондордун саны 1 адамга аз катталган.  Ал эми келтирилген материалдык чыгым өткөн жылга салыштырмалуу 97,8 %га аз болгон.

3 ай ичинде республика боюнча 766 өрт кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 19,1 %га, өрттүн кесепетинен 19 жаран каза болуп, өткөн жылга караганда 32,1 %га аз болгон.

Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары тарабынан 3 ай ичинде 72 жаран куткарылган, анын ичинен өрт кырсыгынан 25 жаран, жол кырсыгынан — 33 жаран, экстремалдык абалдан – 13 жаран, суудан – 1 жаран куткарылган. Куткарылгандардын саны 2018-жылдын алгачкы 3 айына салыштырмалуу 1,3 %га көп.

 

Copyright © 2017 Maral FM