Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада 60ка жакын туткун түрмөдөн качып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 547 | 0

Венесуэланын Нуэва-Эспарта штатындагы түрмөдөн туткундардын массалык түрдө качуусу катталды. Окуя учурунда бир киши каза болуп, 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу «Noticias Venezuela» маалымат порталы кабарлады.

Жергиликтүү сайттын маалыматына ылайык, 60ка жакын туткун күзөтчүлөргө кол салган. Алар куралчан болушкан. Жыйынтыгында абактын 2 кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми туткундардын бири каза болгону айтылат.

Качкындар күзөт жериндеги куралдарды алып, сыртка чыгып кетишкен. Учурда качкан кылмышкерлерди издөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM