Биз менен байланышыңыз

Египет президенти 2030-жылга чейин ордунда калды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 500 | 0

Египеттин президенти Абдулфаттох Ас-Сиси дагы 11 жылга президенттик кызматта калууга мүмкүнчүлүк алды. Бул боюнча улуттук парламенттин депутаттары добуш беришти.

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, эл өкүлдөрү президенттик мөөнөтү 4 жылдан 6 жылга узартылышын макулдашкан.

Өлкө Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекет башчысы экиден ашык мөөнөткө шайлана алат.

Ошентип, Ас-Сисинин 2022-жылы аяктай турган ыйгарым укуктары 2024-жылга чейин узартылат. Андан соң, ал үчүнчү мөөнөткө кайра президенттикке шайланышы мүмкүн. Эгер Ас-Сиси шайлоодо жеңишке жетсе, Египетти 2030-жылга чейин башкара алат. Анткени Ас-Сиси 2030-жылы 75 жашка чыгат.

Бирок бул өзгөрүүлөр үчүн калк да добуш бериши керек. Мындан улам Египетте тийиштүү референдум өтөт. Азырынча мөөнөтү тактала элек.

Copyright © 2017 Maral FM