Биз менен байланышыңыз

Египет: Каирдеги базардан чыккан өрт 51 адамды жаралады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2019 | 866 | 0

Египеттин борбору Каир шаарындагы кийим-кече жана электр буюмдарын саткан ири базарлардын бири Мускиден чыккан өрт 51 адамды жаралады. Окуя кечээ, 3-майда түшкө жуук болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, соода контейнеринин биринен чыккан өрт тез арада жалпы базарга жайылып кеткен. Куткаруу жана өрттү өчүрүү үчүн 40 тез жардам унаасы, 49 өрт өчүрүү унаасы ишке тартылган. Өрттү өчүрүүгө 10 сааттан ашык убакыт кеткен.

Египет Саламаттыкты сактоо министри Хали Зайиддин айтымында, өрт чарпкан адамдар шаардын Аль-Азхар аймагындагы ооруканага жеткирилип, жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM