Биз менен байланышыңыз

Египетте ооз ачар үчүн эң узун дасторкон жайылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 992 | 0

Египетте Ыйык Рамазан айынын урматына арналган ооз ачарда эң узун дасторкон жайылды. Бул тууралуу Al-Watan басылмасы жарыялады.

Каир шаарына жакын жердеги административдик борбордо уюштурулган ифтарлык дасторкондун узундугу 3 чакырымга жеткен. Дүйнөдөгү эң узун дасторкондон 7 миң киши ооз ачкан.

Анда дасторконго Египеттин салттуу тамактары: күрүч жана эттен жасалган тамактар, кургатылган мөмөдөн жасалган «амр ад-дин» рамазан суусундугу жана чай коюлган.

«Жаңы баш калаада Египет биргеликте таңкы тамакта» деген чакырык менен уюштурулган бул иш-чарага Гиннестин рекорддор Китебинин өкүлдөрү да катышкан.

Уюштуруучулар буга чейин эмираттагы Ажман шаарында 2900 метрлик дасторкон жайылып орнотулган рекордду басып өтүүгө ниеттенишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM