Биз менен байланышыңыз

Орозо айы качан баштала турганы айтылды

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 1222 | 0

Кыргызстанда ыйык Рамазан айы 24-апрелде башталат. Мындай чечимди Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы чыгарганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды.

Муфтият жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле ,коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн дин башкармалыктары менен кеңешип, ыйык Рамазан айындагы орозонун биринчи күнү аныкталды, — деп айтылат билдирүүдө.

Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн экенин муфтият эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM