Биз менен байланышыңыз

Сот залында каза болгон экс-президент: Мурсинин сөөгү жерге берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 892 | 0

Египеттин мурдагы президенти жана «Мусулман боордоштор» Ислам кыймылынын лидери Мухаммед Мурси сот залында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, Мухаммед Мурси сот залында акыркы сөзүн сүйлөгөн. Андан соң тыныгуу учурунда эсинен танып жыгылып калган. Ошол бойдон көзүн ачкан эмес. Египеттин Ички иштер министрлиги өлүмдүн себеби жүрөк оорусуна байланыштуу болгонун айтышты.

Экс-президенттин сөөгү бүгүн таңкы саат 5те Каирдин батышындагы Мадинат Наср көрүстөнүндө жерге берилди.

Эске салсак, Мухаммед Мурси 2011-жылы өлкөнү 30 жыл башкарган Хосни Мубаракты тактан алып түшкөн «Араб жазы» революциясынан кийин демократиялык жол менен бийликке келген. 2013-жылы аскердик козголоңдон улам кызматын тапшырууга аргасыз болгон.

Андан кийин Египеттин жаңы бийлиги тарабынан Мухаммед Мурсиге «нааразычылык акциясы учурунда бир нече адамды камакка алууга, кыйноого буйрук берген» деген айыптоолор менен камакка алынган. Кийинчерээк, дагы бир «Катардын жана Палестинанын тыңчысы болгон» деген айып коюлуп, түбөлүк түрмө жазасына кесилген.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы «абактагы тополоңду уюштурган» деген дагы бир айып коюлуп, соттун өкүмүн угузарда эсине келбей көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM