Биз менен байланышыңыз

2018-жылы Кыргызстанга 3 миллионго жакын турист келди

Коом | 17 Апр 2019 | 849 | 0

2018-жылы Кыргызстанга келген туристтер 2017-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болгон. Натыйжада, туристтердин ички дүң өндүрүмгө кошкон салымы да көбөйгөн. Серепчилердин баамында, пайданын басымдуусу Ысык-Көл, экотуризм жана кышкы туризмден түшүп жатат. Мындан улам Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алдыңкы 5 жылга ушул үч багытты приоритет катары коюп, туризм тармагынан түшө турчу кирешенин пайызын көбөйтүүнү максат кылышууда.

Өткөн жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 2017-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Мунун эсебинен туризм тармагынан түшкөн салыктын саны да өскөн. Бул туурасында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу маалымдады. Анын берген маалыматына ылайык, жалпысынан 2018-жылы 6 млн. 950 миң чет элдик Кыргызстанга келип кеткен.

—  Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун классификациясынын негизинде, Кыргызстанга келген 7 миллионго жакын чет өлкөлүк  жарандын 3 миллионго жакынын турист деп санадык. Анткени, сырттан кирген адам 24 сааттан көбүрөөк убакыт өлкөдө жүрсө, анда ал турист катары эсептелет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше ички дүң өндүрүмдүн 4,7 %ын түзсө, 2018-жылы 5 %га чейин жеткен. Ал эми туристтик кызматтарды экспорттоодон түшкөн киреше 450 млн. долларды түзүп, 2017-жылдын кирешесинен 35,2 млн. долларга көп болгон.

— 2018-жылы туризм чөйрөсүндөгү экспорт да өскөн. Жалпысынан 450 млн. долларды түздү. Бул жылы андан да көбүрөөк кылууга даярданып жатабыз. 450 млн. долларды 500 млн. долларга жеткирүү максат кылынган.

Буга чейинки тажрыйба жана анализдерге таянып, департамент алдыдагы 5 жылда туристтерди көбүрөөк кызыктыруу максатын негизги планга коюшту. Айталы, мунун ичинде быйыл жайда Ысык-Көлдө чоң масштабдагы концерт уюштуруу, тоолуу аймактарда веломарафондор өткөрүү сыяктуу иш-чаралар бар. Ошондой эле, бул жылкы туристтик сезон 18-19-майда «Ысык-Көл ИТФ — 2019» көргөзмөсү менен башталарын «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков билдирди.

— Көргөзмөгө жергиликтүү  коноктордон тышкары, чет өлкөдөн келген турагенттиктердин өкүлдөрү да катышат. Алар мындан ары да кызматташууга мүмкүнчүлүк алышат. Азыркы тапта Түркия жана Араб өлкөлөрү катыша тургандарын билдиришти. Ошондой эле, кийинки жылы мындай көргөзмө эки жолу өткөрүлөт. Бирөө — Бишкекте, экинчиси адаттагыдай эле — Ысык-Көлдө. Анткени, биз Ысык-Көлдүн эле эмес, башка аймактардын да өндүрүмдөрүн жарнамалоого маани беришибиз керек.

Министрлик алдыңкы беш жылга Ысык-Көл, экотуризм жана кышкы туризмди приоритет катары коюп, пландарды түзгөн. Туризм багыты боюнча серепчи Гүлмира Карымшакова багыттар туура коюлганын, өзгөчө агротуризм Кыргызстанда өнүгө турган багыт экенин белгилейт.

— Фермерлик турпровайдер дегенди өнүктүрсөк жакшы болот эле. Туризм өнүккөн өлкөлөрдө агротуризм жакшы жолго салынган. Бул учурдун талабына ылайык багыт. Ал үчүн фермерлерди, жергиликтүү калкты туризм багыты боюнча окутуу зарыл. Жылыштар бар, бирок тилекке каршы, жергиликтүү калктын туристтерге болгон мамилеси дале жакшы өзгөрө элек. «Акча тапсак болду» деген түшүнүк жоголо элек.

Ал эми «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы быйылкы 2019-жылды туристтердин эң көп келген жылы болот деп ишендирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM