Биз менен байланышыңыз

Былтыр оор кылмыштардын саны 137ге төмөндөгөн

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 455 | 0

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокурордун отчету каралып жатат. 2018-жылы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берүүдө.

2018-жылы кылмыштуулуктун жалпы абалы 2017-жылга салыштырмалуу 2 миңге көбөйдү, бирок профилактикалык иштердин негизинде оор кылмыштар 137ге төмөндөгөн.

Ошондой эле прокуратура органдары жер жана шаар куруу, ишкерлердин укугун коргоо, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу аракетин көрүшкөн. Доо арыздардын негизинде былтыр 7 саламаттыкты сактоо объектиси, 20 жер тилкеси, 7 дене тарбия мекемелери мамлекетке кайтарылды.

Бизнес биримдиктердин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, кызматташууну жакшыртуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Ишкерлер менен түздөн-түз байланышуу максатында атайын интернет сайты да ачылган. Жер-жерлерде пландуу текшерүүлөр токтоду.

Copyright © 2017 Maral FM