Биз менен байланышыңыз

«Кызматкерлер чечим кабыл алуудан коркуп калышты»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Апр 2019 | 531 | 0

Биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун укук коргоо органдары менен сот аныктап, чечим чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тендер өткөрүүдө бир топ кемчиликтер бар. Кызматкерлер жоопкерчилик алып, чечим кабыл алуудан коркуп калышты. Эгер чечим кабыл алса, кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүктөр болуп калууда.

«Коопсуз шаар» долбоору тендердин айынан 5-6 жылга созулуп кетти. Бишкек ЖЭБинде тендердин айынан өз учурунда иш аткарылбай калды. Мындай кемчиликтерди эске алып, тендер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми паспортторго бланк даярдоо маселеси боюнча укук коргоо органдары карап чыгышы керек», — дейт Примов.

Эске салсак, 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып, алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү табылган.

Бул факт боюнча  Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы үч адам УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM