Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлдөрү өкмөттүн чек ара боюнча отчётун талап кылышууда

Саясат | 19 Дек 2019 | 755 | 0

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан алты адам түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Учурда абал туруктуу, жабыркагандар Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кыргыз-тажик өкүлдөрү жолугуп, чек ара чырын токтотууну сүйлөшүштү. Байма-бай чыккан жаңжалдан улам эки тараптан тең иликтөө жүргүзүү керектигин айыл тургундары талап кылышууда. 11 айда кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 13 чыр-чатак болгон. Делимитация жана демаркациялоо маселеси так чечилбей жатканынан улам  чыр-чатактын улам  кайталанганы сынга алынууда.

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулованын берген маалыматына ылайык, тиешелүү органдарга гана чара көрүп жатат, ошондой эле жөнөкөй жарандар жок жерден жабыркагандыктан, абалды күч түзүмдөрү көзөмөлдөп жатканын билдирди:

-Учурда абал туруктуу, эл өкүлдөрү жерине барып, айыл тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Чыр-чатак учурунда 6 жаран жабыркады, аларга Баткен райондук ооруканасында толук медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Чыр-чатак учурунда чек ара кызматкерлери гана барышы керектигин элге түшүндүрүлдү, себеби айыл тургундары да бөөдө жабыркап жатат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар чек ара маселесин тез арада чечилүүсүн талап кылып, өкмөт чара көрбөй жатканына нааразычылыгын билдиришти. Мындай көрүнүш кайталана берсе, кырдаал курчуйт, ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Чек ара кызматын, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабын толугу менен түштүк аймакка көчүрүү сунушталууда. Ошондой эле, өкмөт тийиштүү органдарга тапшырма берилүүсүн жана коомчулукка маалыматтык отчёт берип туруусун талап кылышты.

Кыргыз-тажик чек ара чыры канча талкууланганы менен чечилбей келгенин Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров айтып сындады. Ал конкреттүү көйгөйдү аныктап, аймактар так аныкталгандан кийин чек ара кызматкерлери өз ишин аткарат, ошондо милиция кызматкерлерине да талаптар коюлат деген пикирин билдирип:

-Өкмөттүн комиссиясына чек араны билген Баткен облусундагы жетекчилерди кошуу керек. Чек арадагы жер маселесин иликтөө керек, такталбаган жер болсо, жер талаш боло берет. Атайын комиссия бар, бирок ушул күнгө чейин чече албай жатат. Өкмөт бизге айткан сунуштарыбыздын канчасы чечилип жатат, жер тилкеси кантип чечилип жаткандыгы тууралуу отчётун берсин, — деди.

Кыргыз-тажик элинин ортосундагы ок атышуу жана таш ыргытуу жаңжалынын улам кайталанганы, анда керек болсо кызматкерлер жана жарандар жабыркап жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов айтып, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Чек ара кызматын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын толугу менен түштүк аймакка көчүрүүнү сунуштады.

Баарыбыз күбө болдук, аскерибизге, жергиликтүү тургунубузга ок тийди. Дагы төртөө ар кандай жаракат алды. Бул прецедент Мамлекеттик чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түштүк аймакка көчүрүү зарыл экенининен кабар берет. Орчундуу делген чек ара, чукул кырдаалдуу маселелер Баткен, Жалал-Абад облустарында болуп жатат. Аталган мекемелер көчүп барса, жеринен чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт деп эсептейм.

Экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев эки өлкөнүн ортосунда ишенимди күчөтүү керектигин баса белгиледи. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү бир канча ирет  жолукканы менен ортодо саясий ишенимди жогорулата албай жатканын айтып, чек ара маселеси эле эмес, дайым эки өлкөнүн саясий экономикалык кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, ортодогу мамилени бекемдөө керек деген пикирин айтты:

-Эки мамлекет бир канча жолу жолукту, бирок дагы деле эки тараптын ортосундагы мамиле суук бойдон калууда. Ошондуктан мамилени бекемдөө максатында кызматташуу керек. Өлкө башчы тапшырмаларды берип жатат, бирок андан ары өкмөт жана тийиштүү органдар жакшы иштей албай жатат. Сөзсүз жарандар жабыркагандан кийин тийиштүү адамдар кыймылдайт, бирок абал турукташкандан кийин кайра эле эч кимдин  иши да болбой калат.  

Эскерте кетсек, 11-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен  Ашхабад шаарында жолугуп, Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны чыңдоо жана чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнү сүйлөшүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM