Биз менен байланышыңыз

Улан Примов: «Эркечтам» чек арадан өтө албаган унаалардын узундугу 10 чакырымга жетти

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 456 | 0

Кытай менен чектешкен «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде өтүүгө кезек күткөн унаалардын узундугу 10 чакырымга жетти. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Улан Примов айтты.

Депутат бир жумадан бери кезек күткөн унаалар бар экенин, бул маселени көзөмөлдөгөн тиешелүү кызматтарга тапшырма берүү өтүнүчү менен Өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Copyright © 2017 Maral FM