Биз менен байланышыңыз

«Примов» фонду Ош мэриясынын эсебине бир миллион сом акча которду

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 511 | 0

Ишкер Бердибай Примов жана Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Ош шаардык мэриясынын бүгүнкү кырдаалга байланыштуу ачылган атайын эсебине бир миллион сом акча которду. Бул тууралуу аталган фонд өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, жардам берүү алдыда дагы улантылат.

«Примов» фонду буга чейин да калктын аялуу катмарына, дарыгерлерге, күч түзүмдөрүнө үзгүлтүксүз камкордук көрсөтүп келген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM