Биз менен байланышыңыз

Түркияда демократия комада жаткандай…

Блог | 16 Апр 2019 | 765 | 0

«РухЭш» сайтынын макаласы

2000-жылдардын башында мусулман өлкө катары Түркия демократиянын жолунда алгылыктуу кадамдарга баргандыгынан улам дүйнө коомчулугу тарабынан алкыш ала баштаган. 2002-жылы бийликке келген партия Европа Биримдигинин демократиялык стандарттарына шайкеш келчү реформаларды жасап, адам укуктары боюнча өлкөнүн имиджин оңдоого киришкен.

Тилекке каршы, бул реформалар узун өмүрлүү болбоду. Бир канча жылдар соң реформалар токтоду. 2011-жылдагы шайлоодо бийлик партиясы үчүнчү жеңишке ээ болуп, ошол учурдун өкмөт башчысы, бүгүнкү президент Эрдоган теңирден тескери кетти. Ошол учурдан баштап авторитаризмге жол алган Түркия мусулман өлкөлөрүнө үлгү болуудан алыстады. Кээси Түрк бийлигинин акыркы жылдардагы антидемократиялык кадамдарын демократия жана исламий баалуулуктардын бири-бирине төп келбегендигинен көрүшү мүмкүн. Бирок бул жаңылыш анализ.

Сырттан караганда исламий баалуулуктарды тутунгандай көрүнгөнү менен азыркы бийликтин жасаган иштери ал баалуулуктарга толугу менен карама-каршы келет. Бул баалуулуктар кандайдыр бир кийим кийүү же диний ураандарга байланыштуу эмес. Исламда мыйзам үстөмдүгү, соттордун көзкарандысыздыгын урматтоо, бийликтегилердин элге эсеп берүүсү жана ар бир адамдын фундаменталдуу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо мамлекеттик башкаруудагы негизги баалуулуктарынан болуп саналат. Түрк бийлигинин акыркы жылдардагы терс кадамдары исламдык баалуулуктарды сактоонун эмес, алардан баш тартуунун натыйжасы.

Түркия калкы – полиэтникалык коом. Түркияда суннит, алавит, түрк, күрт, черкес жана башка этникалык өзгөчөлүктөргө ээ болгондор жана мусулман же мусулман эмес ишенимдерди кармангандар жашагандай эле, диний же секулярдык жашоо образын алган ар түрдүү көз карашка ээ адамдар жашайт. Баардык жарандарды бир типтүү кылууга аракет кылуу – бул бош кыял жана адам табиятына карата урматсыздык. Ар кимдин түшүнүгүнө, сезимине, пикирине, жашоо философиясына жана дүйнө таанымына урматтоо менен мамиле кылуу керек. Көпчүлүк же азчылык болсун, кайсы бир топтун башка бир топтун үстүнөн басмырлоосуна жол бербеген, демократиялык башкаруу полиэтникалык коом үчүн эң оптималдуу башкаруу системасы болуп эсептелет. Бул Сирия, Ирак жана башка коңшу өлкөлөргө да тиешелүү.

Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы күбө болгондой, зулум лидерлер бийлигин сактап калуу үчүн коомдун ар түрдүүлүгүнөн пайдаланып, аларды бири-бирине кас кылуу методу менен өздөрүнүн бийлигин чыңдашкан. Диний ишенимдери же дүйнө таанымы айырмаланса да, жарандар жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде биригип,  мыйзам бузгандарга  демократиялык жол менен каршылык көрсөтүшү керек.

Зулумга каршы өз позициясын билдирүү – демократиялык укук, граждандык озуйпа жана диний ишеним жактан да ар бир мусулмандын милдети. Куран адилетсиздик болгон жерде кайдыгер калбоого үндөйт: “Эй, ыйман келтиргендер! Алланын алдында күбө болуп, өзүңөргө, ата-энеңерге, жакын туугандарга каршы болсо да чындыкты айтып, адилеттик тарапты жактагыла. Бай болсун, кедей болсун, Алла экөөнө тең жакын. Өз каалооңорду ээрчип, адилеттиктен кайтпагыла! Чындыкты бурмалап, андан баш тартсаңар, анда албетте, Алла силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат” (4:135).

Башкаларга зыян келтирбөө шарты менен ишеними жана өзүнүн дүйнөлүк көз карашы менен жашоо, пикир эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу эркиндиктерди колдонуу адамды чыныгы адам кылат. Эркиндик Алланын адамга берген акысы болуп эсептелет. Аны эч ким тартып албашы керек. Эркиндиктери чектелген бир адам чыныгы мааниде адамча жашай албайт.

Исламисттер (саясый исламчылар) айткандай, ислам – бир башкаруу модели же идеология эмес, бул бир дин. Исламда мамлекеттик башкаруу боюнча кээ бир принциптер айтылат, бирок бул принциптер жалпы принциптердин аз гана бөлүгүн түзөт. Ислам динин саясый бир идеологияга айландыруу – ислам дининин рухуна каршы өтө чоң кылмыш.

Саясат жана мамлекеттик башкаруу аспектилери боюнча исламды изилдегендер 3 маселеде катачылык кетиришет. Биринчиси, Куран китеби жана сүннөттөрдөгү Ислам  түшүнүгү менен мусулмандардын тарыхый тажрыйбаларынын натыйжасындагы Ислам түшүнүгү бири-бири менен аралашып кеткен. Мусулмандардын тарыхый тажрыйбасына, ал тажрыйбалардын негизинде чыккан өкүмдөргө сын көз караш менен карап, дүйнө мусулмандарына адам укуктары, демократия жана социалдык карым-катнаш сыяктуу маселелер негизги Ислам булактарына таянып, жаңыдан түшүндүрүлүп берилиши маанилүү.

Экинчи катачылык – кээде Курандын айрым аяттарына, кээде бир хадиске таянып, мурдатан калыптанып калган түшүнүктөрдү легитимдештирүүгө умтулуу жана муну башкаларга таңуулоо. Курандын негизги философиясын маселеге комплекстүү кароо жана бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү ниети менен түшүнүү мүмкүн.

Үчүнчү ката болсо – дин Алланын өкүмүнө, ал эми демократия калктын эгемендигине таянат деген жүйөө келтиришип, демократия менен ислам бири-бирине эч шайкеш келбешин айтышат. Алла Таала космологиялык мааниде баардык нерсенин жаратуучусу экенине ар бир мусулман ишенерине шек жок. Бирок бул, биздин эркибиз, акыл калчообуз, тандоолорубуз болбогонун же Алланын аларды эсепке албаганын туюндурбайт. Калктын бийликке, чечим чыгаруу укугуна ээ болушу, бийликтин Алладан алынып адамдарга берилишинин эмес, тескерисинче, Алла адамдардын эркине койгон бул укукту кайсы бир деспот же олигархтарга эмес, жалпы элдин ээлигине берилгендигин билдирет.

“Мамлекет” – адамдардын биригип, өз фундаменталдуу укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында адилеттик жана тынчтык үчүн түзүлгөн бир система болуп эсептелет. Мамлекет өзү максат эмес, адамдардын эки дүйнөдө тең бакытка жетүүсү үчүн бир инструмент. Системаны түзгөн адамдар ишеним менен баалуулуктарды канчалык деңгээлде өздөрүнө сиңиришсе, мамлекет да ошол деңгээлде ишеним жана баалуулуктарга жакын болот. Ошондуктан “исламий мамлекет” сөзү өзүнө-өзү каршы келет. Исламда диний каста болбогондуктан “теократия” да Ислам философиясына тескери келген көрүнүш. Мамлекет адамдар ортосундагы келишимдин натыйжасында түзүлөт. Ушул себептен улам мамлекет “исламий” же “ыйык” боло албайт.

Дүйнөдө демократия ар түрдүү формаларда ишке ашкан. Түрдүү жолдор менен ишке ашуусу демократиялык идеал, т.а. бир топтун башка бир топтун үстүнөн басым жасабашы Исламий бир идеал болуп саналат. Укук таанууда жарандардын бирдей укукка ээ болуу түшүнүгү ар бир адамды Алланын жараткан ардактуу жандуусу катары аздектөө жана аны урматтоо түшүнүгүнө таянат. Булардын баарын эске алганда монархия же олигархияга караганда, башкаруунун демократия же республика формасы ислам философиясына туура келгени көрүнөт.

Түркиянын азыркы башкаруу формасы демократияга эмес олигархияга окшошот. Мындай абалга кантип келди?

Президент Эрдоган, бийликти бир колго топтоп, бизнес ээлерине кысым көрсөтүү жана жакын чөйрөсүнө тендерлерди берүү аркылуу бир убакта демократиясы менен үмүт берген өлкөнү туура эмес жолго салып жиберди. Бийлик күчүн бир колго топтоо менен мени жана бул кыймылдын ыктыярчыларын мамлекеттин душманы деп жарыялады. Жада калса өлкөдөгү акыркы учурдагы бүт тескери иштерден Кызмат кыймылын жооптуу тутту. Бул – көңүлдү башкаларга буруу менен өз жоопкерчилигин жашыруунунун катардагы бир үлгүсү.

Тынчтыкка жана толеранттуулукка үндөгөн Кызмат кыймылынын ыктыярчыларын жана башка каршы пикирдегилердин баарын мамлекет душманы деп жарыялап, колундагы массалык маалымат каражаттары менен пропагандалады. Экология боюнча митингге чыккандар, журналисттер, окумуштуулар, күрттөр, алавиттер, мусулман эместер, Эрдогандын ишмердигин сындаган кээ бир мусулман жамааттар бул деспоттук режимдин курмандыгына айланды. Эрдоган режими мыйзамсыз иштен алуулар, туткундоолор, түрмөгө камоо, зулум, жеке менчик мүлктү рейдерлик менен тартып алуулар жана башка нечендеген зулумдар менен адамдардын тагдырын талкалады.

Ушул күнгө чейин уланып келаткан саясый репрессиядан качкан миңдеген Кызмат кыймылынын ыктыярчылары дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн башпаанек алышты. Алар барган өлкөсүндө интеграция болуп, мыйзамдарга баш ийип жашап, социалдык проблемаларды чечүүгө көмөктөшүп, Исламдын радикал агымдарынын жайылуусуна каршы күрөштү улантышат.

Түркияда бир адамга же бир топко симпатиясы болгондугун шылтоо кылып жарандарды кылмышкер атап, аларды куугунтуктоо өнөкөтү уланууда. Бул өнөкөттүн курмандыгы болгондордун саны күн сайын артууда. 150 миңден ашуун жаран мыйзамсыз иштен алынды. 200 миңден ашыгы кармалып, 80 миңдей жаран түрмөгө камалды. Бул саясый репрессиянын айынан өлкөдөн кетүүнү каалагандардын паспорттору жокко чыгарылды. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган фундаменталдуу адам укуктары тебеленди. Түркия Республикасы түптөлгөн 1923-жылдан бери өлкө бир катар аскерий төнкөрүштөрдү башынан өткөрсө да, демократия аксап болсо да жолунда бараткан.

Азыркы бийлик Түркиянын эл аралык аренада топтогон абройун түшүрүүдө жана Түркияны эркиндиктерге душман, сын айткан жарандарын камоо менен таанылган өлкөлөрдүн катарына түртүүдө. Бийликтегилер мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамилелерди кыянаттык менен колдонуп, мамлекеттин дипломатиялык, инсандык жана материалдык ресурстарын да Кызмат ыктыярчыларын дүйнөнүн бардык жеринде кысымга алууга, аларды аңдып, коркутуп, урдоого бардык күчүн жумшоодо.

Түркияда акыркы учурда жарандардын демократиялык талаптарын өкмөт жетекчилерине жеткирүүнүн аябай начарлаганы байкалууда. Балким буга экономикалык стабилдүүлүктү жоготуп алуу коркунучу себептир. Бирок Түркиянын тарыхына кылчайып караганыбызда мунун аркасында тарыхый бир себеп турганын көрөбүз.

Демократиялык башкаруу системасы Түркия Республикасы үчүн идеал болсо да, Түрк калкынын менталитетинде демократиялык баалуулуктарды орнотуу боюнча системалуу иш-аракет жетишсиз. Күчтүү бир лидерге баш ийүү, мамлекетке баш ийүү – билим берүү программасынын маанилүү аспекти болуп келди. Орточо ар 10 жылда кайталанган аскерий төңкөрүштөр демократиянын өнүгүп, тамыр жайуусуна тоскоол болду. Жарандар, адамдар мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн бар болгонун унутушту же атайын унуттурулду. Президент Эрдогандын коомдун психологиясын өз пайдасына колдонгону ачык болду.

Азыркы саясый режимдин айынан Түркияда демократия комада жаткандай көрүнөт, бирок менин үмүтүм бар. Зулум эч качан узун өмүрлүү болгон эмес. Түркия демократия жолуна кайра бир күн кайтып келерине ишенем. Бирок демократиянын тамыр жайышы үчүн кээ бир чаралар көрүлүшү зарыл.

Эң башта билим берүү программасы кайрадан каралып чыгышы керек. Жарандардын мыйзам алдында теңдиги, фундаменталдуу адам укуктары жана эркиндиктери сыяктуу темалар мектептин алгачкы жылдарынан баштап жаштарга үйрөтүлсө, алар чоңойгондо бул баалуулуктардын коргоочусу болушат. Экинчиси, БУУнун адам укуктары боюнча декларациясында белгиленген фундаменталдуу адам укуктарын коргогон жана азчылыктардын да, көпчүлүктүн да кайсы бир топко кысым кылып, басмырлоосуна жол бербеген жаңы бир конституцияга муктаждык бар.

Өкмөт же бийлик ыйгарым укуктарынан ашып, мыйзам бузууга барбашы үчүн кандайдыр бир баланс кылуучу механизм катары жарандык коом менен сөз эркиндиги да конституцияда корголушу керек. Үчүнчүсү, коомдун алдыңкы лидерлери, интеллектуалдары демократиялык баалуулуктарга сөзү менен да, иш-аракети менен да басым жасап туруусу абзел.

Түркияда азыр демократия менен адам укуктары иштебей турган учур. Калктын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн өлкө катары Европа Биримдигинин стандарттарына жараша демократияны орнотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибергени белгилүү.

Коомдун лидерлери сүттүн бетиндеги каймак сыяктуу. Сүттүн сапаты кандай болсо, каймактын сапаты да ошондой болот. Бир коомдун лидерлери балким 100% болбосо да коомдун жалпы ишенимин жана баалуулуктарын чагылдырышат. Үмүтүм жана тилегим – жакынкы мезгилде мусулман калктуу өлкөлөрдө жапатырмак негизги баалууктарды жандандыруу жана жалпы ойгонуусу болсо. Ага кошумча өткөн окуялардан сабак чыгарылып, эркин жана адилеттүү шайлоолорду, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргогон, демократиялык баалуулуктарга сугарылган лидерлер жана өкмөттөр бийликке келишсе.

P. S. Фетхуллах Гүлендин “Түркиядагы антидемократиялык көрүнүштөргө карабай ислам менен демократия шайкеш келет” аттуу бул макаласы Франциянын атактуу Le MONDE гезитиненен кыргызчага которулду. 

Copyright © 2017 Maral FM