Биз менен байланышыңыз

«Казакстанда негизги бийлик Назарбаевдин колунда»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2019 | 503 | 0

Казакстанда негизги бийлик экс-президент Нурсултан Назарбаевдин колунда. Мындай пикирин саясат талдоочу Анар Мусабаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Касым-Жоомарт Токаев техникалык президент.

«Алдыдагы шайлоодо Касым-Жоомарт Токаев президент болушу мүмкүн. Бирок анын өз алдынча иштегенге тажрыйбасы аз, көбүнчө Назарбаевдин көрсөтмөсү астында иштеп жүргөн. Башкача айтканда, Токаев таасирдүү адамдардын катарына кирбейт. Ал кайсы бир иштерди аткарууга дайындалган президент. Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева да президенттик шайлоого барышы мүмкүн. Калган талапкерлердин жеңишине көп мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, Назарбаев мураскер даярдаган», — дейт Мусаева.

Ал буга кошумча, Казакстанда шайлоо сыртынан демократиялуу көрүнгөнү менен чындыгында таңуулангандай болуп жатат. Анткени, элде талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү аз.

Copyright © 2017 Maral FM