Биз менен байланышыңыз

«Тез жардам» кызматынын техникалык базасы «Коопсуз шаардын» эсебинен жакшыртылат

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 872 | 0

«Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айыппулдардын эсебинен жакшыртылат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү чечим Өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча өткөрүлгөн жыйындын соңунда кабыл алынган.

Каржы жана Саламаттык сактоо министрлигине, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте эреже бузуудан алынган айыппулдун эсебинен тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн каржы бөлүү маселесин карап чыгуусу тапшырылган.

Тийиштүү мамлекеттик органдар эки жумалык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын Өкмөттүк Аппаратка киргизүүсү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM