Биз менен байланышыңыз

JIA Бизнес-ассоциациясы «Franchise and Trade EXPOнун» алкагында семинар уюштурууда

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 453 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги  JIA Бизнес ассоциациясы менен биргеликте 25-апрелде «Franchise and Trade EXPO» алкагында бизнести колдоо жана жеңилдетүү боюнча семинар уюштурат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Семинардын максаты: 10-октябрда Бишкек шаарында өтүүчү Эл аралык франшиза жана соода көргөзмөсүнө келүүчү компаниялар менен кызматташууга сапаттуу аудитория даярдоо.

Семинарда баяндамачылар ата мекендик өндүрүмдү өнөктөшкө кантип сатуу, инвесторлор менен келишим түзүү жана ошондой эле ири эл аралык компаниялардан талап кылынуучу юридикалык экспертиза жүргүзүү боюнча айтып беришет.

Мындан тышкары, спикерлер эл аралык компаниялар менен келишим түзүүдөгү юридикалык аспекттер, бренд компаниялар үчүн маанилүү болуп эсептелген интеллектуалдык менчиктин корголуусу тууралуу презентация жасап беришет.

Семинар франшиза үчүн гана багытталбастан, анда лицензиялоону жайылтуу жана чет өлкөдөн инвестиция тартуу тууралуу да кеп козголмокчу.

Ошондой эле, иш-чарага эл аралык бренддердин жергиликтүү өкүлдөрү келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү.

Иш-чарага АКШдан Виктория Сильченко да спикер катары чакырылып, АКШдан өнөктөш табуу туурасында кеңири токтолот.

Copyright © 2017 Maral FM