Биз менен байланышыңыз

Акунов: Митинг өткөн соң, эл унутулуп калат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 550 | 0

Учурда митинг өткөрө турган кырдаал жарала элек. Мындай пикирин коомдук ишмер Урмат Акунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал эл митингден тажап бүткөнүн айтып, митингдер элдин жашоосуна, туристтерге кооптуулук жаратып жатканын белгилейт.

Акунов мындан улам Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун 2020-жылга чейин митингди токтотуу сунушун колдойт.

«Митинг өткөн соң, эл унутулуп калат. Бийликтегилер башына иш түшкөндө эле элди эстеп, митингге чакырганы туура эмес. Саясатчылардын митинг учурунда элди колдонуп, кийин унутуп калып жатканы жан кейитет. «Ата Мекен» партиясынын да, «Республика — Ата Журттун» да депутаттары бийликте отурат. Алар парламентте туруп бийликке үнүн жеткире албай жатса, митинг уюштуруп кимге угузат?» — дейт Акунов.

Ал белгилегендей, тынчтык митингдерин үчүнчү күч пайдаланып келе жатат. Бийлик үчүнчү күчтү аныкташы керек. Ал эми уюштуруучулар митингде жабыр тарткандар боюнча жоопкерчилик албайт.

«Asia Mall соода борборунун жанында «Black Star Burger» тез тамактануучу жайынын расмий ачылышында да эл тынч гамбургер жеп кетет дешкен. Бирок канча адам тебелендиде калып жабыркады. Аларга ким жооп берет? Уюштуруучулар жоопкерчиликти мойнуна албай жатат», — дейт Акунов.

Copyright © 2017 Maral FM