Биз менен байланышыңыз

Канада: Чиркөөдө ок атылып, бир адам мерт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 659 | 0

Канаданын Британиялык Колумбия провинциясынын Сэлмон-Арм шаарындагы чиркөөдө ок атылып, бир адам каза болду. Дагы бири жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу CTV телеканалы кабарлады.

Окуя Христос чиркөөсүндө болгон. 25 жаштагы жаран чиркөөгө кирип келип, анда сыйынып жаткандарды аткылап баштаган.

Полиция ок аткан жаранды колго түшүргөн. Аты-жөнү азырынча айтылбай жатат.

Сэлмон-Арм-Ванкуверден 460 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан Британиялык Колумбия провинциясынын ири шаары болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM