Биз менен байланышыңыз

2018-жылы ИДП өсүшү 3,5% жетти

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 684 | 0

2018-жылы ИДП өсүшү 3,5 %га жеткен. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, курулушта 7,8 %, өнөр жайында 5,5 %, айыл чарбасында 2,7 %, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1 % өсүш катталган.

«Тышкы карыздын үлүшү ИДПга карата 53,1 %дан 48 %га түшүрүлдү. Баса белгилей кетсек, макроэкономикалык туруктуулук биринчи жолу чет элдик жардамдардын же сырттан келген финансылык каражаттардын эсебинен эмес, өзүбүздүн колдо болгон бардык ресурстарды иштетүүнүн жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен жетишилген», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, тышкы соодада туруктуу тенденция сакталган. 2018-жылы республика дүйнөнүн 143 өлкөсү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзгөн, экспорт 93 өлкөгө чыккан. Тышкы соода жүгүртүү 6,7 млрд. долларды түзүп, 6,6 %га көбөйгөн. Анын ичинде экспорт 1,8 млрд. доллар, импорт 4,9 млрд. долларды түздү.

2018-жылы өлкөдө 10 ири ишкана жана 250дөн ашык ар түрдүү тармактагы чакан жана орто ишканалар ишке киргизилген.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 5 %га өссө, импорт 4,7 %га азайган.

Премьер-министрдин айтымында, чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн. долларды түзүп, инвестициялардын чыгып кетиши 27,7 %га азайган.

Copyright © 2017 Maral FM