Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: 2019-жылы дефицитсиз бюджет камсыздалат

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 520 | 0

2019-жылы Кыргыз Өкмөтү орто мөөнөттүү перспективада дефицитсиз бюджет камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн программасында айтылат.

Программанын ички дүң өнүмүн (ИДП) 4%, же 595,9 млрд. сомго өсүшүн камсыздоо каралган.

Өкмөт быйыл экспортту 2 млрд. долларга, импортту 7,2 млрд. долларга чейин чыгарууну убадалайт.

Салык системасын фискалдаштыруу, салык, бажы системасындагы бардык жол-жоболор, экономика жана бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт.

2019-жылы өлкөдө 7,5 миңден ашуун жаңы жумуш орундарын түзүү менен 6 инвестициялык ири долбоор ишке ашырылат.

Бир катар ишканалар, алтын кендер ишке киргизүүнү пландоодо.

Өкмөттүн быйылкы планында электр энергиясындагы 700 кВтка чейинки чектөөлөрдүн даректүүлүгүнө социалдык калыстык күчөтүү каралган.

Copyright © 2017 Maral FM