Биз менен байланышыңыз

«Бизге революция керек эмес дегендер чыңалууларды каалап жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 659 | 0

«Бизге революция керек эмес деген адамдар митинг, чыңалууларды каалап жатышат«. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«23-апрелде «Ата Мекен» митингге чыгат, 13-апрелде Бабановдун тарапташтары чогулса, экс-президент Алмазбек Атамбаев эки айдан соң митингге чыгам деп жатат. Саясий күчтөрдүн арасында атаандаштык болушу керек», — дейт Төрөбаев.

Төрөбаев мындан сырткары, мурдагы бийликтин убагында саясатчылардын, айрыкча, депутаттардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо оңой болгонун эске салды. Бирок саясий буйрук менен кылмыш ишин ачып, камакка алуу жыйынтык бербей турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM