Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Элдин көйгөйүн ыкчам чечүүгө аракет кылдык

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 432 | 0

Өкмөттүн интегралдык көрсөткүчтөрүнүн баарынын жыйынтыгы алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыра алгандыгын тастыктап турат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте коалицияга отчет берип жатып айтты. Анда ал калктын ишеними 0,6 %га төмөндөшүн нормалдуу көрүнүш деп баалады.

-Биз «Ачык өкмөт» программасына кошулуп, биринчи күндөн тарта бардык министрликтерде ачык болууга умтулдук. Элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө аракет кылдык.

Маалымдай кетсек, Өкмөттүн интегралдык көрсөткүчү бар. Алар программанын аткарылышы, жалпы мамлекеттик программанын аткарылышы, калк ишеними жана эл аралык рейтингдеги көрсөткүчү.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин отчетун угуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM