Биз менен байланышыңыз

Президент бийликке шарт койгондорго сес көрсөттү

Саясат | 11 Апр 2019 | 730 | 0

«Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап жатып айтты. Ал акыркы учурда коом ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтор активдешкенин белгиледи.

— Баса белгилеп айтып кетейин. Баардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат. Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилет.

Ошол эле учурда чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты баалаган, эркиндикти сүйгөн элге ыраазычылык айтып, берген убадалардын үстүнөн иштеп жатканын белгиледи.

Өлкө башчы мындан тышкары, былтыр Коопсуздук Кеңешинде коюлган тапшырмалар ишке аша баштаганын, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдары алдым-жуттумдардан тазалоодо эч качан компромисс болбой турганына ишендирди. Коррупционерлерден 5,7 млрд. акча мамлекетке кайтарылганын, күрөш уланып жатканын айтты.

— Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт. Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Ар калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурууда.

Жээнбеков ошондой эле 2018-жылдын 27-июнунда ушул трибунадан келечек пландары тууралуу ой бөлүшкөнүн, андан бери олуттуу өзгөрүүлөр болгонун айтты. Элдин тынч жашоосун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп келгенин белгиледи. Коомдун ынтымагын чыңдоо дайыма көңүл борборунда болгон. Бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча Кыргызстан 5 жылдын ичинде 70-орундан алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылганын жар салды.

— Экономиканы өнүктүрүү үчүн сырткы жана ички инвесторлорго жагымдуу мыйзам базасы түзүлдү. Өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу дайыма көңүл борборумда. Бул багытта иштер тынымсыз жүргүзүлөт. Аймактарды өнүктүрүү боюнча иштер менин Жарлыгымдын алкагында жасалууда, Өкмөт алдында бул боюнча дагы көп милдеттер бар. Жакында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун акимдеринин, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан Улуттук диалог болуп өттү. Өткөн жылдын жыйынтыгы талкууланып, жаӊы милдеттер такталды. Азыркы учурда айрым айыл, район, айыл өкмөттөрдө жергиликтүү фонддор түзүлүп, айылдарды өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып жатканынан кабарым бар. Элетке инвестиция тартуу боюнча жер-жерлерде кыймыл башталды. Бул багыттагы жаӊы элемент — кичи мекенине көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп жаткан фонддор. Мына ушул тажрыйбаны бардык айылдарга жайылтууга чакырам. Ички ресурстарды, жарандарыбызды мобилизациялап, демилгелүү жаштарыбыздын жаратмандык энергиясын туура пайдалануу менен элетти көтөрүп кетерибизге терең ишенем.

Ошондой эле ал шайлоо алдында берген убадаларынын бири катары билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөрүү тууралуу айтты. Мектеп мугалимдеринин айлык акысы күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирилбей көбөйтүлөт.

— 2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын — былтыр үй-бүлөлүк врачтардын айлыгын жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууну караштырып жатабыз. Ал эми мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз. Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат. Буйруса, мектептеги агай-эжелерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда миңден  ашык бала тоголок жетим деп катталганын, алардын тизмесин тактап, үй-бүлөдө чоңоюусуна шарт түзүү максаты бар экенин өлкө башчы билдирди. Президенттин маалыматында, интернаттарда ар бир балага айына 14 миң сом каражат каралат. Жылына 1,5 млрд. сом сарпталат.

— Азыр Кыргызстанда 1100дөн ашык бала тоголок жетим деп катталган. Биздин максат: алардын тизмесин тактап, үй-бүлөдө чоңоюусуна шарт түзүү. 18 жаштан кийин интернаттан кетип, кароодон, мээримден тышкары калган балдар кылмышкерлердин катарын толуктайт, жаза басып, турмуштан адашат. Балдар интернатта эмес, үй-бүлөнүн мээримин көрүп чоӊоюшу керек. Каражатты бала асырап алган адамдарга жумшасак, балдарыбыз үй-бүлөдө, ата-эненин камкордугунда өсөт. 

Жээнбеков сөзүнүн аягында эл арасынан чыкканын, эл ичинде таза абийири, ийгиликтери менен калууну максат кыларын айтты. Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракети, кылган эмгеги таза экенин жана жалган жалаа жукпай турганын эскертти.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана башка өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышты.

Copyright © 2017 Maral FM