Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт башчы, министрлер жалданма жумушчу болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 642 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай атаандашы жок болчу. Бирок, демократиялуу өнүгүү үчүн оппозиция керек. Бул жагынан КСДПнын оппозицияга өтүшү жакшы болду. Мындай пикирин коомдук ишмер Сейтек Качкынбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, учурда өлкөдө саясий кризис бар. Ал партиялар жөнүндөгү мыйзамдын чийкилигинен улам келип чыгууда.

«Парламенттик өлкөлөрдө өкмөттүн башына, министрликтерге саясатчылар келет. Бирок, Кыргызстандын мыйзамы боюнча.  министрлер менен премьер-министр жалданма жумушчу болуп жатат.  Себеби, аларды кызматка элдин ишеними менен добушу алып келген эмес. Мындан улам алар бийликке де, элге да жооптуу эмес. Антейин десең, ордуна ким келсе да, акыбал өзгөрбөйт», — дейт Качкынбай.

Ал буга кошумча, өлкөдө саясий партияларга фирма сыяктуу мамиле кылынып жатканын белгиледи.

«Парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдө парламенттеги партияга депутаттык мандат албаган адам лидерлик кыла албайт. Бирок, бизде КСДПнын лидери экс-президент Алмазбек Атамбаев сырттан башкарып жатат. Албетте, бул — Атамбаевдин күнөөсү эмес. Демек, биздин мыйзамдар чийки. Мындан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү кажет», — дейт коомдук ишмер.

Copyright © 2017 Maral FM