Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Чех кызматташтыгынын келечеги кенен

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 431 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехия Республикасынын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан жана Чехия аралык эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Разаков Кыргызстан Чехия Республикасы менен кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

«Биздин достук мамилелерибиздин негиздери советтик мезгилде түптөлгөн, жалпыбыз «Интергельпо» чехиялык өнөр жай кооперативинин өндүрүшүбүзгө тийгизген баа жеткис салымын билебиз», – деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер учурда Өкмөт чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүк жүргүзүүсү жана биргелешкен ишканаларды ачуусу үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чараларды кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

Марта Новакова иш сапарынын негизги максаты Кыргызстан жана Чехия ортосундагы кош салык салуудан четтөө тууралуу өкмөттөр аралык келишимге жетишүү экенин айтты.

Министр айым өлкөлөр ортосундагы өнөр жай боюнча салттуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана аны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизде бири-бирибиз үчүн европа жана азия рынокторуна кирүү боюнча хаб болууга бардык шарттар бар», — деп кошумчалады ал.

Тараптар бардык актуалдуу багыттар боюнча өз ара активдүү кызматташтыкты улантууга жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасын иштеп чыгууга даярдыктарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM