Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Атамбаев көз карандысыз сотторду түзө алган жок

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 626 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүндө көз карандысыз сотторду түзө албаганын мойнуна алганын, Сооронбай Жээнбеков да сотторго ишенбейм дегенин айтуу менен, инвестиция тартуу үчүн көз карандысыз сотторду түзүү керектигин НТС каналына берген маегинде билдирди.

«Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей турганын айтты, биз сотторго көз карандысыздыкты түзүп берип туруп, анан талап кылышыбыз керек. Мен Атамбаевге да, «Мыйзам кабыл алыңыз, эгерде Ак үйдөн чалуу болгонун соттор ачык айтып чыгып далилдене турган болсо, ал аткаминер кызматтан кетиши керек«, — деп айткам«, — деди Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле Өмүрбек Бабанов бир нече аткаминерди кызматтан кетирүү менен сот эркиндиги орной турганын, соттор деле көз карандысыз болгусу келерин, аларга көз карандысыздыкты түзүү менен өлкөдө чоң секирик боло турганын белгиледи.

Сөзүнүн аягында, сыртта жүрүп эли-жерин сагынганын айтып, жакынкы күндөрү  Кыргызстандан жолугабыз деди.

 

Copyright © 2017 Maral FM