Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Ушул жума бүтсө, жакынкы күндөрү барам

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 756 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов ушул жума бүтсө, жакынкы күндөрдө Кыргызстанга келе турганын НТС каналына берген маегинде билдирди.

«Мен: «Жакында көрүшкөнчө!» — деп айткандан кийин Орусиянын президенти мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келип кетти. Ар бир саясатчы Кыргызстандын ички саясатына сырткы күчтөрдү аралаштырбашы керек. Ички саясатта талашып-тартышсак да, тышкы саясатта баарыбыз бирге болушубуз керек. Мен эч качан Орусиянын жетекчиси келе жатканда, анын алдына келбейт болчумун. Ал да бир тоскоолдук болмок. Экинчиси, келердин алдында СДПКнын ичинде ар тараптуу талаштар болуп кетти. Кудай буйруса, ушул жума бүтөт. Бул жума бүтсө, мен жакынкы күндөрү келем«, — деди Өмүрбек Бабанов.

Мындан сырткары, Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук кызматына Кыргызстанга келгенде, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Мен өз ыктыярым менен келе жатам. Мени камап эмне кылат? Мага мамлекеттик акчаларды жумшап, мени кайтарткандан эмне пайда табышат? Мен эч жакка качпайм. Мыйзамдуу жооп бергенге дайым даярмын. Керек болсо, тергөөчүгө мен өзүм барып  жооп берем. Ага карабай камайбыз дешсе, анда бүгүнкү бийлик өзү чечим кабыл алат».

Кошумчалай кетсек, саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан. Анда Сооронбай Жээнбековго жеңилип, ден соолугуна байланыштуу Орусияга дарылануу үчүн кеткени кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM