Биз менен байланышыңыз

Мындан ары жол кирени электрондук билет менен төлөйбүз

Коом | 9 Апр 2019 | 593 | 0

Бишкекте электрондук билет долбоору быйыл ишке кирет. Бул демилге 2013-жылы башталганы менен,  кийинчерээк токтоп калган. Алты жыл токтоп калган долбоор быйыл жанданып, тендерди Швецариянын BPC AG компаниясы жеңип алды. Айдоочулардын жаңы кирип жаткан эрежеге реакциясы кандай? Электрондук билет менен жол кире төлөө шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпайбы?

Электрондук билетти борбор калаада киргизүү боюнча долбоорго жыл башында ачык тендер жарыяланган. Үч этаптан турган тендерди швецариялык BPC AG компаниясы утуп алды. Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, аты аталган компаниянын каражаты жетиштүү болгону үчүн жеңүүчү деп табылган.

— Пенсионерлер, окуучулар деген сыяктуу 5-6 категориябыз бар. Аларга акысыз карта чыгарып беребиз дешти. Эң башкысы, валидатордун баасын бизге көңүлгө толорлук кылып жасап беришти. Бул иш-аракет жолдогу коопсуздуктун алдын алат. Себеби, азыр өзүңөр көргөндөй, айдоочулар акчаны да өзүлөрү алып, унааны да башкарышат. Бул аракеттер, албетте, адамдын өмүрүнө коркунуч туудурбай койбойт.

Бишкек мэриясына караштуу автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, ар бир төлөмдөр жана алып барып жаткан иш-аракеттер ачык-айкын болуусу үчүн тендер жарыялашкан. Анткени, буга чейин мэрияга тиешелүү автобус, троллейбус айдаган айдоочуларга карата нааразычылыктар көп болуп келген.

— Алгач эки ай тексттик режимде иш алып барат. Андан кийин бардыгына жайылтуу үчүн жарым жылды талап кылат. Мэрия тараптан айдоочуларга: «Мыйзамсыз иштерди алып барып жатышат жана толук кандуу иштебей жатышат», — деген сыяктуу бир топ нааразычылыктар айтылып келген. Эгерде электрондук билетке өтө турган болсок, мындай пикирлер айтылбай калат болуш керек деген ойдо тендер жарыялаганбыз.

Шаардыктар коомдук транспорттор үчүн электрондук билет колдонуп баштаса, айдоочулар үчүн кыйла жеңил болот. № 10 троллейбустун айдоочусу Нургазы да бул долбоорду колдойт. Бирок аталган системага өтүү үчүн жалпы айдоочулардын айлык маянасы да көтөрүлүшү керек деп эсептейт.

— Негизи электрондук билетке өтсөк жакшы эле болмок. Айдоочуларга да ыңгайлуу болот эле деп ойлойм. Анткени, шаарда тыгын көп болгондуктан, айткан убакыттан аябай эле кечигип барабыз. Кайра айып пул төлөп калабыз. Кардарларды албай эрте баралы десек, анда план толтура албай кыйналабыз. Эгерде электрондук билетти орното турган болсо, биздин айлык маянабызды көтөрүшү керек.

Ал эми шаардын тургундары жаңы ишке кире турган электрондук билет долбоору боюнча эмне дейт?

— Мен колдойт элем. Анткени, айдоочулар үчүн бир топ эле тоскоолдуктар жаралып жатканын көрүп калам. Убакыт да үнөмдөлөт болчу.

— Мэриянын мындан башка кыла турган иши жокпу? Акча менен эле төлөй берели да. Ансыз деле чечилбей жаткан канчалаган көйгөйлөрүбүз бар. Жолдорду оңдошсун, маршруттук такси барбаган жерге транспорт алып барышсын. Эл кыйналып жатат.

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Рыспай Аматов жол кире акысын электрондук билетке өткөрүп коюуну буга чейин да сунуштап келгендердин бири. Ал аталган долбоор ишин баштаса, коомчулук үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, айдоочу үчүн да, кардар үчүн да жеңил болот деп белгилейт.

— Бул долбоорду мурунку чакырылышта эле көтөрүп чыкканбыз. Бирок негедир ишке ашпай келген. Электрондук билеттин терс жактары жок, пайдасы көп десем болот. Дүйнө эли мындай системага өткөнүнө көп болду. Биз дагы заманбап технологиядан артта калбашыбыз керек.

Эскерте кетсек, буга чейин электрондук билетке өтүү үчүн Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор да аракет кылган. Долбоорго Германия, Жапониянын компанияларынан да сунуштар түшкөн. Бирок ишке ашкан эмес. Учурда Кыргызстанда бир гана Ош шаарында коомдук транспорттор үчүн электрондук билет системасы бар. Ал быйыл ишке кирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM