Биз менен байланышыңыз

20-25-апрелде «Салттуу музыка» жумалыгы өткөрүлөт

20-апрелден 25-апрелге чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фонду Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына карата «Салттуу музыка» жумалыгын өткөрөт.  Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, аталган иш-чара 20-апрелде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында тегерек үстөл менен башталат. Андан соң, 22-апрель — ДАСТАН күнүндө манасчы, дастанчы, акындар, 23-апрель — КҮҮ күнүндө аспапчылар (комузчу, кыякчы, сыбызгы-чоорчу сыяктуу)  24-апрель — ЫР күнүндө салттуу жана автордук ырлардын аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган концерттер Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында, саат 18:00дө болорун, кирүү акысыз экенин айтышты уюштуруучулар. Мындан тышкары, концерттерге жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген өнөр ээлери да катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле, 25-апрелде «Ала-Тоо» аянтында саат 15:00дө кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө жарманкеси жана ошол эле аянтта саат 17:30да өнөрпоздордун жыйынтыктоочу гала-концерти болот.

Copyright © 2017 Maral FM