Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаеванын президенттик шайлоого барып-барбай турганы белгисиз

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 524 | 0

Дарига Назарбаева шайлоого катышпай тургандыгы жөнүндө тараган жалган маалымат тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу «azh.kz»  гезитинин сайты жарыялады.

Казакстандын массалык маалымат каражаттарында Дарига Назарбаеванын Президенттик шайлоого барбай тургандыгы тууралуу маалымат тараган.

Дарига Назарбаева бул тарап жаткан маалымат боюнча билдирүү жасаганын «Zakon.kz.» сайты жазып чыкты.

«Конституцияга жана мыйзамдын талаптарына жооп берген өлкөнүн ар бир жараны шайлоого талапкерлигин коё алат. Талапкердин ким боло турганын саясий партиялар четет»,- деген өз билдирүүсүндө Дарига Назарбаева.

Ошондой эле ал шайлоонун жыйынтыгы Казакстандын элинен көз каранды экендигин айтып, бардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу керектигин кошумчалаган.

Мындан сырткары, партия мүчөлөрү Дарига Назарбаеванын талапкерликке сунуштаса, кабыл алып-албай турганын билдирген жок.

Эске салсак, 20-мартта Дарига Назарбаева Казакстандын парламент сенатынын төрайымы болуп дайындалган. Шайлоо депутаттардын арасында жашыруун жүрүп, Дарига Назарбаева бир добуштан шайланган болчу.

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик каналдан калкка кайрылып, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда 9-июнга белгиленгенин жар салды. Ошондой эле ал шайлоо ачык өтө турганына кепилдик берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM