Биз менен байланышыңыз

Түркияда өткөн фестивалда алты өспүрүм байгелүү орунга ээ болду

Кыргызстандык өспүрүмдөр III Эл аралык балдар балет фестивалына катышып кайтышты. Бул тууралуу Бишкек Хореография окутуу борборунун маалымат кызматы билдирди.

Жарыш Анталияда 6-7-апрель күндөрү өткөрүлдү. Сынакка Түркия, Орусия, Кыргызстан, Украина өлкөлөрүнөн 8-17 жаш аралыгындагы 283 жаш жеткинчек барган. Биздин өлкөнүн атынан катышкан 16 өспүрүмдүн алтоосу байгелүү орундарга ээ болуп, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Copyright © 2017 Maral FM