Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эң сулуу айымы тандалды

Кечээ, 8-апрелде «Кыргызстан ханышасы — 2019» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Аталган сынактын өзгөчөлүгү жалаң үй-бүлөлүү аялзаты катышкандыгында болду.

Сынак 20-35 жаштагы аялзаты үчүн жана 35 жаштан өйдөкүлөр үчүн деген эки категорияда өттү.

Сынакка катышкан 24 сулуунун ичинен 35 жаштан өйдөкү сулуулар арасында өткөрүлгөн сынактын баш байгесин үч баланын апасы, 41 жаштагы Алымкулова Гүлира ээлеп, Тайванда өткөрүлө турган Эл аралык «Миссис бриллиант — 2019» сынагына катышуу үчүн сертификатка ээ болду. Ал эми 20-35 жаш арасында өткөрүлгөн сынакта биринчи орунду эки баланын энеси, 29 жаштагы Калназарова Адина ээлеп, «Дүйнөлүк туризм ханышасы — 2019» сынагына катышуу үчүн сертификат алды.

Copyright © 2017 Maral FM