Биз менен байланышыңыз

Өкмөткө кайрылгандар былтыркыдан көп болууда

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 469 | 0

Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 1147 кат жүзүндө жана 321 оозеки түрдөгү кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анын ичинде көбү Жогорку Кеңештен келген.

Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жеке маселе боюнча 31 жаран, анын ичинде жетекчилик тарабынан 14 адам кабыл алынган.

Кайрылуулар республиканын бардык аймактарынан келип түшкөн, анын ичинен 39,14 %ы Бишкек шаарынан болгон. Ал эми эң аз кайрылуу Талас облусунан келген.

Кайрылуу ээлеринин басымдуу бөлүгү пенсия курагындагы жана социалдык коргоого муктаж жарандар.

Көйгөйлөрдөн социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөк пул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар 93 (8,44 %) басымдуу бөлүктү түзүүдө. Экинчиде билим берүү жана илим маселелери боюнча — 91 (8,26 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча өлкөнүн министрликтеринде жана ведомстволорунда кайрылуу ээлери көтөргөн маселелерди талдоо жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөнүн Өкмөт билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM