Биз менен байланышыңыз

Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы президентке кайрылды

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 561 | 0

Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап каары Масалиев президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууну төмөндө толугу менен сунуштайбыз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Жараткан Алла Тааладан мамлекетибизге, элибизге тынчтык, биримдик жана бакубатчылык тилейбиз.

Биз, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын I главасынын 66-беренесинин «Президенттин кепилдиги жөнүндө» 3-пунктуна таянуу менен өзүңүзгө ачык кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Себеби биз, 2021-жылдын 11-февралындагы кезектеги XV Протоколдук жалпы жыйыныбызда муфтияттын айланасындагы окуяларга байланыштуу 5-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алганбыз. Бирок, талапкерлердин документтерин тиешелүү мамлекеттик органдардын тыкыр иликтеп берүүсү үчүн жана нааразычылыктар басаңдап калар деген ойдо 30-мартта №4 токтом менен Курултайды рамазан айынан кийинкиге, тактап айтканда, 29-май күнү өткөрүү чечимин кабыл алганбыз.

Орозо бүткөндөн кийин Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы атайын протоколдук жыйындарда талапкерлерди конкурстан өткөрүү боюнча чечимдерди кабыл алышты. 19-майдагы №4 протоколдук жыйындын чечимине ылайык, конкурстар 22-24-25-май күндөрүнө белгиленген. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат орундары боюнча сынактарды дин тармагына тиешеси жок чагымчыл топтордун нааразычылыктарына карабай өз убагында өткөрдүк. 25-май күнкү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо конкурсубуз тилекке каршы айрым мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн түздөн-түз кийлигишүүсү менен өтпөй калды. Аталган конкурстун талапкерлери өлкөбүздүн 7 дубанынан келишкен эле. Сынактар токтотулгандыктан, айрым талапкерлер ушуну менен экинчи ирет убара болушту. Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болгон 47 кишинин колу коюлган кайрылуусун жана өтүнүчтөрүн мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине көрсөткөнүбүзгө карабастан, конкурс белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай абалда Кыргызстан мусулмандарынын 29-майдагы кезектеги Курултайын да убагында өткөрө албай калуу ыктымалы пайда болду. Мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү пандемиялык абал боюнча Бишкек шаардык санэпид мекемесинин мурунку чектөөлөрдү күчүндө калтыруу боюнча чечимин жүйө кылышууда.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Бул катка көңүл буруп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын айланасындагы көйгөйлөргө, курултайга байланыштуу коопсуздук чараларына зарыл шарттардын түзүп берет деп ишенебиз. Айрыкча, акыркы күндөрдөгү муфтияттын айланасындагы олку-солку абал ушуну талап кылууда.
Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайы кечиктирилбестен өз убагында өткөрүлүүсү зарыл. Себеби, КМДБнын жетекчилик курамы жана финансылык жагы кризис абалда турат. КМДБ уставы боюнча Аалымдар Кеңешинин мөөнөтү апрель айында эле аягына чыккан. Учурда КМДБнын 208 кызматкери 4 айдан бери айлыксыз иштеп жатышат. Курултайды өткөрүүгө КМДБ толук даярдыкта турат. Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин арасында өзгөчө демократиялык рухка ээ, ар кандай конфессияларды жана Ислам багытындагы түрдүү жамааттарды өз ичинде камтып, ынтымак-ырашкерликке бириктирген өлкө. Бул жаатта сиз алгачкы жарлыгыңыз менен инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жаатында өлкөбүздүн стратегиялык багытын көрсөтүп бердиңиз. Биз, дин чөйрөсүнүн жооптуу кызматкерлери катары бул демилгени чын дилден колдоп, өлкөбүздүн руханий өңүттөн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Өлкөбүздүн экономикалык, саясий жана руханий жактан стабилдүү өнүгүүсү, диний чөйрөнүн тез арада ынтымакчылыкта өз нугуна түшүүсү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Кезектеги курултайынын өз убагында өтүүсүнө журт атасы катары көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз. Сиздин бул жааттагы көңүл бурууңуз өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар үчүн камкордугуңуз болуп саналат.

Терең урматтоо менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы: Абдиманап Масалиев

25-май 2021-жыл

Copyright © 2017 Maral FM