Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Бабановдун келишине шарт түзүшүбүз керек

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 945 | 0

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүгө толук укугу бар. Ал президенттик шайлоодон кийин кызматтан эл кызыкчылыгын жогору коюп, өлкөдөн чыгып кеткен. Мындай пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты.

Анын Кыргызстанга келишине шарт түзүшүбүз керек. Ага козголгон иштердин тергөөсүндө чындыкты айтып беришин камсыздашыбыз зарыл.

Кошумчалай кетсек, Камчыбек Ташиев 25-мартта Орусияда Өмүрбек Бабанов менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялаган. Эки саясатчы төрагалык кылган «Республика» жана «Ата Журт» партиялары 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо бириккен. Бирок кийин кайра экиге бөлүнгөнүн жар салышкан. Парламентте «Республика-Ата Журт» фракциясы боюнча калып, 28 мандатка ээлик кылат.

Copyright © 2017 Maral FM